www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шариповичти «тамашалай» бербей башкаларды көрөйүнчү десем “төмөн жагы” такыр эле «быкшып» кеткен турбайбы. Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков бечараны эмнеге камап салышты экен деп кызыгып көрүп, кызыктай жагдайларга туш болдум. Эки берене менен кармалган Болсунбек Казаковго болгондо дагы айтылуу «Ала-Арчадагы» 48 коттеджди «ит бекер» 142 млн сомго сатылгандыгы боюнча иш козголуптур. "Идеал хаус" компаниянын чатагын коомчулукка алып чыккан Элнура Алканованы Өкмөт башчы Сапар Исаков «кечирим сурасын» деп келжеӊдеп жатпады беле? Чындык Элнура Алкановга оой баштаптыр.
Бирөөнү ак жерден күйгүзбөш керек өзү. Бирок, Болсунбек Казаковдун тушунда мындай шумдуктар арбын болуптур. WIP шаарча, Мегаком сыяктуу стратегиялык жайлардан бөлөк чоӊдордун алкымына кирип кеткен канча обьекттер бар экенин коомчулук билбей деле калды. Мына ушундай ыплас схема менен канча чоӊдор байышты.
Бекеринен Нариман Түлеев мындай мамлекетти бетине жамынган “көркоолорго” үй-бүлөбүз менен көрсөтмө берүүгө даярбыз дебесе керек. Бирөөнүн оокатын каратып туруп тартып алуу, бери жагы мыйзамсыз, ары жагын айтпай эле коелу.
Көрсө, “Караван” соода үйү Нариман Түлеевдин өзүнүн эмес атасынын мүлкү турбайбы. Тактап айтканда, Болсунбек Казаков жана анын айланасы “өлгөн адамдын көрүнө кол салгандай” иштер менен дагы алектенишиптир. Абдан үрөй учура турган окуя.
Албетте, Болсунбек Казаков “майда чабак” катары сезилиши мүмкүн. Бирок, мамлекеттин убалына калган чоӊ киттерге, тагыраагы иттерге “майда чабактар” шарт түзүп берээри белгилүү. Айтор, кыйын абал...
Канышай Мамыркулова
Булак: NazarNews.kg