www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саясат.kgге берген маегинде «жазда төңкөрүш болот, күзүндө болот» деген сөздөр 2002-жылдагы Аксы окуясынан берки көнүмүш сөздөр экенин айтты.

"Бул кресло албай калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, өлкөдө үч революция болду: эки жолу жазында жана бир жолу күзүндө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө келип чыгат. Шайлоолор таза өткөндүктөн Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп отурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек, экөө тең өтпөйт эле. 

Анын пикиринде, бийлик тескерсинче таза шайлоо өткөрүп, коррупция менен күрөшүп, күнөөлүүлөрдү камап, олжолууларды кайтарып, пенсия, жөлөкпулдарды көбөйтүп, бюджетти толтурууда. Ал белгилегендей, УКМК алты айда казынага 8 миллиард сом, ал эми Башкы прокуратура 2 миллиард сом кайтарган.

"Бажыдагы коррупцияны токтоттук, азыр акча чөнтөгүңө эмес, мамлекеттин бюджетине түшүп жатат. Казына толукталып, ошонун эсебинен айлык, пособие, пенсия көбөйүп жатат. Анан эмне үчүн революция болушу керек?  Бизге байлыктын кереги жок, биз тарыхта адал эмгегибиз менен калгыбыз келет" деди Ташиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости