www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары үчүн жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын маалымдамасы жаңыланды. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын жаңыланган маалымдамасы 1-декабрдан тартып күчүнө кирди.
Маалымдамада амбулаториялык деңгээлде дарыкана тармагы аркылуу жеңилдетилген программалар боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын компенсациясынын өлчөмдөрү жаңыртылган.
Эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы боюнча, маалымдамага 7 аталыштагы эл аралык патенттелбеген дары-дармек каражаттары тандалып алынган жана киргизилген. Анын ичинде:
Кошумча пакет боюнча дары-дармектерди ММК фонду менен иштеген дарыканалардан электрондук рецепт боюнча 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып алууга болот. Бул үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек, ал консультациядан кийин көрсөтмөсү болгон учурда электрондук рецепт жазып берет.
Жаңыланган маалымдама менен кеңенирээк төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: