www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.

- Канат мырза, күйүүчү-майлоочу майлардын, анын ичинде бензин жана солярканын баасы күн санап кымбаттоодо. Качан бир баага токтойт?

- Өткөндө биз айтканбыз, «күйүүчү-майлоочу майлар, анын ичинде бензин, солярканын баасы кымбаттайт» деп. Анткени, Россия майларды иштетүүчү заводдордон бизге келип аткан дүң баалар жыл башынан бери жогорулап атат.

Тактап айтканда, 2021-жылдын башынан бери жүз пайызга жогорулады. Азыр дүң баада санаганда бензиндин баасы АИ-92 үлгүсүндөгү марканы алсак, 50 сом 50 тыйындан 51 сомго чейин барыш керек эле. А бизде 48 сомдун тегерегинде турат. Дагы бир-эки жуманын ичинде бензин 3-3,5 сомго, ал эми дизель отуну 4-4,5 сомго чейин кымбатташы күтүлүүдө.

Албетте, өзүбүздө нефтини өндүрбөгөндөн кийин күйүүчү майларга болгон наркка көз карандыбыз. Ошентсе да өнөктөш эки мамлекеттин ымаласынан улам Россиядан келип аткан күйүүчү майлар ал жакка караганда арзан.

- Айтсаңыз, жазгы талаачылык иштерине жумшала турган күйүүчү майлар баардыгы камсыздалынганбы?

- Ооба, толугу менен камсыздалынган. Быйыл айыл чарба министрлигинин айтканы боюнча 115 миң тонна күйүүчү май, анын ичинде 90 миң тонна дизель отуну, 25 миң тонна бензин керек дешкен. Аны толугу менен камсыздоо үчүн биздин мунай сатуучулар кепилдигин алган.

Айыл чарбада алек болгон ишкерлер кайрылган күнү чекене эмес дүң баадан литрине 40 тыйынга арзандатып берет. Мындайча айтканда, май куюучу жайлардан 1-1,5 сом арзан болот.

- Капыстан көрүп калдым, май куюучу жайлардан «АИ-100» маркасындагы бензинди. Ушул боюнча бир аз түшүндүрмө берип кетесизби? -- Бул жерде сапаттуулугу боюнча сөз болуп атат. Европада эбак эле «АИ-100» маркасындагы экологиялык жактан коопсуз, сапаттуу бензинге өтүшкөн. Бизге бул марка жана аны колдонуу коомго көп тарай элек болушу мүмкүн. Башка өнүккөн өлкөлөрдө кеңири тарап жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости