www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиев менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбай койгон жагдай боюнча пикир алыштык. 

-Каныбек агай, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын БШК каттоодон баш тартыптыр. “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышпай калганына Турсунбай  Бакир уулунун арызы себеп болдубу же БШКнын максаты башка беле?

-Жүз миңдеген колдоочулары бар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо атаандаштыгынан чыгып калышы - бул чоң жана резонанстуу саясий окуя. Анын таасири азыркы саясий кырдаалга сөзсүз олуттуу салымын кошот. Жыйынтыгы кандай болот, бир Жараткан өзү билет. Менимче, Турсунбай Бакир уулунун арызын БШК менен "Бүтүн Кыргызстандын" лидерлери мыйзам жолу менен эле компромисстик форматта чечип коюшса болмок. Бирок, буга жеткиришпеди го? Сырткы оюнчулардын кийлигишүүсү менен болбогон эле же катардагы бир микроконфликт катуу күчөп кетти. Натыйжада, миңдеген шайлоочулардын тилектери таш каап отурат. Бул туура эмес. Президенттин мен арбитр болуп турам дегендей айтылган позициясын эл сыйлай баштаган. Эми анын жан-жөөкөрлөрү "Бүтүн Кыргызстандын" чылпагын ала коём деп көзүнө бир сайышты. Эми сөзсүз каршы аракеттер болот. Анын кесепети кандай нерселерге алып келет? Айтуу кыйын. Эл аман болсо экен!

-Алгач "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо боюнча чечим кабыл алынып, танаписте өзгөрүп кеткенин БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахманова айтып чыкты. Ошондо "Бүтүн Кыргызстанды" саясий негизде шайлоого катыштырбай койгон болобу?

- БШК кечээ саясий чечим кабыл алып койду. Президент менен жалпы шайлоочуларды өтө ыңгайсыз абалга кептешти. Ал турсун эми расмий катталган партиялар дагы арабөк болуп турушат. Анткени, БШК менен "Бүтүн Кыргызстандын" тирешүүсү күтүлбөгөн коомдук окуяларга кептеп коюшу мүмкүн! БШК бир сутканын ичинде бири-бирине карама-каршы эки чечим чыгарып салды! Бул нонсес жана чоң мыйзам бузуучулук! Канча какшап айтып келдик. Угушпайт экен да! Көздөрүн май басып калыптыр! Атыр кызыбыз кеминде 3 жолу жумушчу топтун соңку чечимин сурады эле БШКнын төрайымы аны тоготуп дагы койбоду. Бул туура эмес жана мыйзам бузуучулук! Түз эле жерден чоң көйгөй маселе жаратып салышты!

-Адахан Мадумаров мындан ары укуктук талаада күрөшөөрүн айтты. Алар сотко берип, чечими чыкканча шайлоо бүтүп калбайбы?

-Ооба, "Бүтүн Кыргызстандын" лидери катуу кайрылуу жасады. Ал инсан тажрыйбалуу жана таза жүргөн саясатчы.  Эми анын алдында  мыйзам талаасында катуу аракеттерди жасоого кеңири жол ачылып калды. Натыйжада, "Бүтүн Кыргызстан" шайлоонун өзүнүн жүрүшүнө олуттуу таасир берип коюусу мүмкүн! Анын коргоочулары 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшуна шарт түзүлүп калды окшойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости