www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында бир карапайым жалгыз бой эне, кызына 2400 сом пособие алайын десе, "пособие алыш үчүн батирде жашап, иштебешиң керек, сага берилбейт" деген жооп болуптур. Бул тууралуу Фейсбук тармагында жазылып, талкууланып жатат. 

Ошондо, 1400 сом пособие алыш үчүн 10 миң сомго квартира жалдап, кол куушуруп иштебей үйдө отуруш керек тура... Мындайды укмуштуунун төөсү жорго дечү беле? Логика такыр жок. Мына бийлик төбөлдөрүнүн карапайым элге кылган камкордугу. Өздөрүнө келгенде пенсияга чыкканда 800 миң сом, өлсө 21 миллион сом алгыдай болуп мыйзамды өздөрүнө ыңгайлуу кылып жазышат. 

Элге өлүмтүгүн артып алчу ошол акчасы дагы, элдин жонунан кайыш болуп тилинип, салыктан чогулат. Анан эле жөнөкөй карапайым элге келгенде эле, түшкө кирбеген мыйзам, жоболор иштеп, 2400 сом көп көрүнүп, "телевизоруң, муздаткычың бар экен сага берилбейт, квартирага чыгып, иштебей үйдө отур", деген шылтоолор мөндүрдөй жаап, ооздорун куу чөп менен аарчып калышат.

Байкуш карапайым калк жөлөкпул алайын дешсе, кирешең көп деп беришпейт. Арзан насыя алайын дешсе, иштеген ишиң, төлөй турган каржы булагың жок деп беришпейт. Ипотекага үй алайын дешсе, кирешең жетпейт, төлөй албайсың деп беришпейт. Айтор жөнөкөй элге кайда барса Мамайдын көрү... 

Ал эми, чоңдор тууган-туушкандары менен элден салык түрүндө чогулган акчаны пенсияга чыкса да, ипотека алса да, насыя кылып алса да, өлсө да жеп-ичип ушулар эле жыргаш керек экен... Ушундай мамлекеттин кереги барбы өзү? Айтпайын десең дилиң күйөт, айтайын десең тилиң күйөт, унчукпай койсоң ичиң күйөт...

Эмнеге Конституциянын 44-беренеси (пенсионерлер менен майыптардын жөлөкпулу) аткарылбайт дагы, "Прокурорлор жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 84-беренеси (прокурорлордун жөлөкпулу) аткарылат? Же, Конституциядан конституциялык мыйзам жогору турабы? Же эмне майыптарга боло береби? Эмне прокурорлор майыптардан өлсө дагы сөөгү артыкпы? 

Мыйзамдуу, акыл-эси ордундагы өлкөлөрдө, балдардын келечеги үчүн деп банктарга акча салып берет. Ата-энеси иштейби, иштебейби айырмасы жок.
Биздечи? Тыңыраак телевизор же машинеси болсо жөлөк пулдун жыты жок! Ата-энеси мигрант экен, очойто акча табат бербейбиз дешет! Ана калса өз үйүңө квартирант болушуң керек. Иштебешиң керек! Кошумча айына 800 сомдон ашык киреше тапкан болсоң. Милдеттүү түрдө жөлөкпул токтойт! Бөлөк жака көчүп кетсең анда дагы берилбейт! Кыскасы, балдарыңа жөлөкпулду бериш үчүн, мамлекет сени баардык мүмкүнчүлүктөрдөн чектеп коёт. Мындай акмакчылыкты башка эч бир өлкөдөн таппайсың...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости