www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановдун өмүр жолу.
Бүгүн, 24-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI-пленардык отуруму өтүү алдында турат.
Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Мажарстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат.
Кезектеги отурумда алгач ТүркПАнын учурдагы төрагасы, Казакстан Республикасынын парламент мажилисин төрагасы Ерлан Кошанов куттуктоо сөз сүйлөп, ТүркПАнын төрагалагынын тапшыруу аземи болуп өтөт.
Эске сала кетсек, Кошанов 1962-жылы Жезказган облусунун Аксу-Аюлы айылында туулган. Ал Караганды политехникалык институтунун Жезказган филиалын инженер-механик адистиги боюнча аяктап, кийин Казак мемлекеттик башкаруу академиясында окуган. Ал эмгек жолун «Жезказганцветмет» кайра иштетүүчү заводунда слесарь болуп иштеп баштаган, андан кийин комсомолдук линия боюнча - инструктор, Жезказган обкомунун бөлүм башчысы (1988-1990) болгон. 1990-1995-жылдары тышкы экономикалык байланыштар боюнча Жезказган областтык комитетинде жетектөөчү адистен төрагалыкка чейин жеткен.
Ерлан Кошанов кийинки үч жылды эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү катары сенаторлук кызматты аркалаган.
1999-2003-жылдары Кошанов өкмөттүн парламенттеги өкүлү, ошол эле учурда премьер-министрдин аппарат жетекчисинин орун басары (10.2001-06.2003), андан кийин - Транспорт жана коммуникация министринин орун басары (06.2003-02.2006) болуп иштеген.
Кошанов 2006-жылдын февралынан 2007-жылдын мартына чейин бир жыл бою Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация комитетин жетектеген. Андан кийин премьер-министрликке жетекчинин орун басары, өкмөттүн Мажилисте жана парламенттеги өкүлү (2007-02.2012) болуп иштеп, кийинки беш жыл ичинде ал премьер-министрликти жетектеген (02.02.2012-03.2017).
2017-жылдын мартында Кошанов Караганды облусунун акими болуп дайындалса, 2019-жылдын сентябрында президенттик аппараттын жетекчиси кызматына которулган. Кошанов бул кызматты 2022-жылдын 1-февралына чейин аткарып, учурда парламенттин мажилисинин спикери кызматын аркалап келет. Ал «Курмет» жана «Парасат» ордендери менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.
Булак: NazarNews.kg