www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Oil Transport Corporation жана  West Oil Software компаниясынын жогорку кызматтагы адамдары акча уурдоо шеги менен кармалды. Бул тууралуу шейшембиде Мангыстау облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «КазМунайГазга» тиешелүү «ОйлТранспорт Корпорейшн» ишканасынын аткаминерлери «техникалык талаптарга жооп бербеген автобустарды бир жарым миллиард теңгеден ашык суммага сатып алышкан», ал эми баасы 400 миллион теңгеге жогорулатылган.

Мындан тышкары, «иштебеген атайын техниканын» кызматы үчүн 110 миллион теңге акча каражатын которуу фактылары аныкталган.

«ОйлТранспорт Корпорейшнге» кызмат көрсөткөн West Oil Software ишканасында иштебеген кишилерге, жетекчиликтин жакын туугандарына жалпысынан 400 миллион теңге маяна төлөө аныкталган.

Сотко чейинки тергөөнүн алкагында бул компаниялардын төрт аткаминери кармалды.

Өткөн айда мурдагы энергетика министри жана Казакстан президентинин мурдагы кеңешчиси Магзум Мирзагалиев «КазМунайГаздын» башкармалыгынын төрагалыгынан кеткен.

2023-жылдын декабрынан бери West Oil Software компаниясынын жүздөгөн жумушчулары төрт айга жакын убакыт нааразылык акциясын өткөрүп, эмгек шарттарын жакшыртууну жана аларды «КазМунайГаздын» жамаатына кошууну талап кылышкан. Жумушчулар коррупциялык фактыларды айтып, бийликти «КазМунайГаз» компаниясын текшерүүгө чакырышкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости