www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти электр энергиясын бөлүштүрүү, өндүрүү жана сатуу менен алектенген 20 компаниянын лицензиясын убактылуу токтотту.

Себеби лицензиялык талаптар байма-бай бузулуп келген. Электр энергиясын сатуу лицензиясы 90 күнгө токтотулган юридикалык жактар:

1. «ЧЕБЕР» ЖЧКсы;

2. Жеке ишкер Ибрагимов Т.Т.;

3. «Опытно-экспериментальный механический завод» акционердик коому;

4. «Кырк чоро-Жибек» ачык типтеги акционердик коому;

5. Жеке ишкер Мамбеталиева С.Ш.;

6. «Фирма AKIF» Кыргыз-Россия ЖЧКсы;

7. «Нарынгидроэнергострой» акционердик коому;

8. Жеке ишкер Каримов И.К.. Электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу лицензиясы 90 токтотулган юридикалык жактар:

9. «Кайыңды кабель заводу» ачык акционердик коому;

10. «Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасынын «Ак-Кеме» мейманканасы» ЖЧКсы;

11. «ААА-Электро» ЖЧКсы;

12. «Энергоспецсервис» ЖЧКсы;

13. «Анаксим» ЖЧКсы;

14. «Элтрейд» ЖЧКсы;

15. «Нурзаман Электро» ЖЧКсы;

16. «Булан-Строй» ЖЧКсы;

17. «Астан-Дастан» ЖЧКсы;

18. «ГРАНД ИНТЕР ТРЕЙД» ЖЧКсы;

19. «Узан Уста» ЖЧКсы.

Ошондой эле «Нурэлектросетьстрой» ЖЧКсынын электр энергиясын өндүрүү лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости