www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Ольга Лаврова УКМКга сурак берет.

Булар модернизациянын алкагында Кытайдын «Инэк-симбанктан» 386 млн. доллар алган келишим менен кытайлык ТБЕА компаниясы менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимдерге кол коюшкан.

Бирок качан болсо суудан кургак чыккан Жантөрө Сатыбалдиев келишимге кол койбогонун, каржылык долбоорго кол коюу үчүн ыйгарым укуктарын ошол кездеги каржы министри Ольга Лавровага өткөрүп берип койгону айтылууда. Бирок сүйлөшүү жүргүзүүдө Кытай өкүлдөрү менен жалаң өзү жолугушкан.

Демек, канчалык өзүн сак кармаса да, кылтакты үзүп кете албай турган фактылар бар. Баарын Лавровага шылтап, жоопкерчиликтен кутулуп кетем десе жаңылышат. Бул жолу жооп бериш керек...

Булак: Фабула

Последние новости