www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорватия Кыргызстанга вакцина берет

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кайсы дары жөнүндө сөз жүрүп жатканы так айтылган жок.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-июнда "Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында румыниялык кесиптеши Богдан Ареску, Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, ошондой эле Черногориянын тышкы иштер министри Жорже Радулович менен жолуккан.

Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте өтө турган биринчи Евро биримдик - Борбор Азия экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө 2021-жылдын 29-мартында башталган. Кыргызстандыктар Кытайдын SinoPharm жана Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмделип жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 90 миңден ашуун жаран эмдөөдөн өтсө, июндун бери коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Ушул аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19дун "үчүнчү толкуну" байкалганын расмий жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости