www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук «Сулайман-Тоо» кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат.
Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Фестивалдын программасында конкурстук жана атайын көрсөтүүлөр, лекциялар, мастер-класстар, ошондой эле Болот Шамшиевдин тасмаларынын ретроспективасы каралган.
Белгилей кетсек, фестиваль Кинематография департаментинин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулууда.
Кененирээк: https://24.kg/a/1030560