www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКТнын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Н.К., каймана аты “Пипи”, ликвидация кылынган К.Асанбектин (ред. Көлбаев) классташы болгондугу жана мурда анын тапшырмаларын аткарып жүргөндүгү аныкталган.

Тиешелүү иш-чараларды уюштуруунун жүрүшүндө, H.H.K. KP КЖКнын 101-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча соттолгону аныкталган жана 2007-2008-жж. Талас облусунун "положенеци" болуп К.Асанбек тарабынан дайындалган.

Кыргыз Республикасында кылмыштуу топторду жок кылууга багытталган саясатынын алкагында, 2025-жылдын 22-майында Н.Н.К. КР УКМКга алынып келинди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,H.H.K. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн толугу менен чыгып, жарандарды кылмыш дүйнөсүнүн жолуна түшпөөгө чакырып, кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.

Последние новости