www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловдун азыр абалы жакшы

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун ден-соолугу жакшырып келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда жарандык активист Мелис Аспеков Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн Самат Курманкуловдун ден-соолугун билүү үчүн анын үйүнө барып келген.

“Сокулук районунун Шалта айылынын чыгаан уулу, бычакка сап болгон мыкты азаматы, милициянын полковниги Самат Курманкулов агамдын ден-соолугун бүгүн сурап келдим. Үй-бүлөсү тынч, ден-соолугу турукташып, жеңем Аиданын маанайы жайдары, Кудай буюрса баары жакшы болуп келе жатат аларда“, – деди Мелис Аспеков.

Эске салсак, 2019-жылы 7-августта Алмаз Атамбаевдин үйүнүн алдында анын тарапкерлери Чүй облустук милициянын начальниги Самат Курманкуловду артынан таш менен башка урган. Алган жаракаттан улам ал комага түшүп, эки жолу операция болуп, жакшы жыйынтык болбогондон кийин 12-августта Москвага жөнөтүлгөн. Москвадан өлкөгө 6-апрель күнү кайтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости