www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Панфилов райондук ИИБси дайынсыз жоголгон балдардын аты-жөнү менен издөө жарыялады. Алар:
2005-жылы туулган Дүйшөнбеков Рамазан Исаевич
2008-жылы туулган Дүйшөнбекова Тахмина Исаева
2007-жылы туулган Сыдыкова Айгерим Исаевна.
Рамазандын өзгөчө белгилери: бою 120-125 см. чачы күрөң, оң көзүнүн алдында сөөлү бар. Кийген кийими: кызыл түстүү футболка, кара түстүү шым.
Тахминанын өзгөчө белгилери: бою 110 см. чачы сары, чекесинде кичинекей тырыгы бар. Кийген кийими: ак футболка, юбка, бутунда кызыл тустүү жайкы бут кийим.
Айгеримдин өзгөчө белгилери: бою 120-125 см. козу кара, чачы ийнине чейин, кара. Кийген кийими: көк түстөгү джинсы шым, кызгылтым түстөгү спорттук күрмө, бутунда кызыл тустүү кроссовка.
Рамазан менен Тахмина бир тууган. Алар Панфилов районунун Панфилов айылындагы Подгорная көчөсүндө жашайт. 10 жаштагы Айгерим ушул эле Подгарная көчөсүндөгү башка үйдө жашайт. Балдар кечээ, 5-июнда кечки саат 18:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюңуздар:
Чүй облустук ИИББинин нөөмөт бөлүмү: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85,
Панфилов райондук ИИБ нөөмөт бөлүмү: 0312 60-79-89, 0550 88-87-24, 0701 50- 27 -03.
Булак: NazarNews.kg