www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чоң үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят” дегендей, өткөн аптада Жогорку Кеңеште кызык көрүнүш болду. Камчыбек Ташиев кайсы бир депутаттын сандырактаган сөзүнө жылмайса, жанындагы коргоо министри Бактыбек Бекболотов коштой каткырып, купшуңдап отурду.

Ушундай министр бар экен. Бул каяктан келген? Аталган системада төбөсү көрүнө эмгек жасабаса, эрдиги жок болсо, көчөдөн келип эле куралдуу күчтөрүбүздү башкара береби? Аскер адамдарынын арасында деле аброю жок экен.

Чыныгы кесипкөй, профессионал кадрлар четте калып, таанышы барлар алдыга суурулуп чыгууда. Же жарашсачы... Коргоо министринин кебетеси бул болсо, анан кошуна өлкөлөр тоготмок беле? Акыл калчасак...

Булак: Азия News гезити

Последние новости