www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фархат Исмаилов деген мандатынан ажыраган депутат, БШКнын чечими боюнча сотко кайрылам дептир. Күлкү келет.
Кайсы университетте, кайсы жылы кимдер менен окуганын так, конкреттүү айта албай, ойду-тоону сүйлөп, маанисиз болбогон бир нерселерди былжыраган неме кантип соттон утат. Жогорку билими жок, жармач логикасы аркылуу соттон утам деп таянган негиздемеси Конституцияда сөзсүз жогорку билими болуш керек деген норманын, талаптын жоктугу экен.
Албетте, бир карасаң айтканы жүйөлүү. Бирок дал ушул сөзү менен диплому жасалма экенин мойнуна алыптыр. Сүйлөгөн сөзү, деңгээли деле анчейин чеке жылытпайт. Жогорку билими болбосо, кайдагы деңгээл?..
Бирок мээси болсо, бир нерсеге акылы жеткендир. Кошоматчылык менен баары бир алыс баруу мүмкүн эместигин.
Мына президент Садыр Жапаровго кошомат кылып, "өлкө башчысына сын айткан күнгө карап таш урган менен барабар" деп Адахан Мадумаров менен урушуп ит болгон эле. Ал аз келгенсип УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жагынып, Өмүрбек Бакиров менен мушташам деп жулкунуп чыгып, анда бир абийири төгүлгөн. Эми жууса кеткис кошоматчы аталып, "иттен жок, же ит байлаган жиптен жок" сандалып ара жолдо калды...
Булак: NazarNews.kg