www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эки дөө кырылышса, ортосунда чымын өлөт" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мына дал ушул учкул сөз турмуштан алынса, анда кечээки окуя чындыгында эле адамдын үрөйүн учура турган болду. Чүй облусуна караштуу Новопавловка айылында аялы менен урушуп жаткан кишиге кошунасы эскертүү берип койсо, бычак менен сайып салган. Бул тууралуу Сүй облусунун ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-декабрда саат 18:25 чамасында Сокулук районунун ИИБ Новопавловка айылындагы көчөлөрдүн биринде кишинин сөөгү жатат деген кабар келип түшөт. Күч кызматкерлери тастыктагандай киши бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Ал Новопавловка айылынынын 28 жаштагы Б.Т аттуу тургуну болгон. Өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы И.У аттуу жаран кармалган. Кээ бир маалыматтар боюнча 2018- жылдын 11-декабрында маркум Б.Т кошунасы алкоголдук ичимдик ичип алып ызы-чуу кылып, тынчтык бербей жатканына улам И.У барып тынч болуусун суранган. И.У маркум Б.Тнын үйүнө келип сүйлөшүүгө чакырып чыкканда бычак менен сайып салган.

Бул факт боюнча КРнын КЖКнин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости