www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пластик булганышына каршы улуттук саясаттын алкагында «Жашыл ишкер» аттуу тегерек стол өткөрүп, «мамлекет + бизнес» форматында натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү түзүүгө багыт алды.

Талкууга министрдин биринчи орун басары Жениш Сейдалиев төрагалык кылып, ата мекендик рыноктун алдыңкы өкүлдөрү жана ири ритейлерлер — «Шоро» ЖЧКсы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖЧКсы, «Азия Ритейл» ЖЧКсы, «Умай Групп» ЖЧКсы, «Партнёр Нефть» ЖЧКсы, ошондой эле полимерлерди кайра иштетүүчү алдыңкы ишканалар катышты.

Өзгөчө көңүл «Полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластикалык буюмдардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө» КР мыйзамынын күчүнө киришине даярдыкка бурулду. Эске салсак, 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында мыйзамда көрсөтүлгөн пластикалык пакеттерди жана буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана таратууга толук тыюу салынат (экспортко арналган продукция жана туткасы жок биологиялык ажырай турган пакеттерден тышкары).

Министрлик «Жашыл ишкер» мамлекеттик брендин түзүүнү жана ишкерлер арасында ESG рейтингин жогорулатууну пландап жатат. Бул бүгүнкү күндө эле жогорку экологиялык жоопкерчиликти көрсөтүп, айланма экономиканын принциптерин киргизип жаткан компанияларды айырмалоого мүмкүндүк берет.

Жениш Сейдалиев белгилегендей: «Пластик булганышы — бул глобалдык чакырык, бирок инновациялар жана өнөктөштүк аркылуу Кыргызстан Борбор Азияда экологиялык чечимдерди киргизүүдө лидер боло алат».

Катышуучулар ПЭТ-бөтөлкөлөрдү жана алюминий идиштерин чогултуу үчүн бонустук системасы бар фандоматтарды киргизүү маселесин талкуулашты. Приоритеттүү жайлар катары соода түйүндөрү, базарлар, май куюучу жайлар (АЗС), фудкорттор жана билим берүү мекемелери сунушталды. Бул калкта калдыктарды бөлүп чогултуу адатын калыптандырууга жардам берет.

Жыйындын жүрүшүндө ири компаниялардын өкүлдөрү жаңы мыйзам талаптарына толук жооп берген экологиялык таңгактоого этап-этабы менен өтүүгө даяр экенин билдиришти.

Тегерек стол биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу чечими менен жыйынтыкталды. Тараптар Кыргыз Республикасында пластик изин минималдаштыруу жана нөлдүк булгануу моделине өтүү сыяктуу амбициялуу максаттарга жетүү үчүн узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экенин тастыкташты.

Последние новости