www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасына Тоголок алтын кенин иштетүү укугу берилди. Тиешелүү буйрукка 4-августта министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Кен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Кытай менен чектеш жерде жайгашкан жана 42,2 гектар аянтты ээлейт.

Компанияга ошондой эле Жангарт аймагындагы алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилген. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 10 миң 379,8 гектар жерде жайгашкан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине лицензия берүү тапшырмасы берилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости