www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жаңы конституцияда президенттин функциялары менен кошо ыйгарым укуктарын да көбөйөт”-деди, бүгүн, 19-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Курманбек Осмонов.

-Курманбек агай, талкууга алынып жаткан конституцияда президенттин укуктары жогорулап, парламенттин укуктары азайды деп кейигендер көп. Чын эле жаңы Конституцияда бийликти бир колго чогултуу аракети жогорубу?

-Бизде дээрлик баардык эле жарандарыбыз мамлекеттик функциялар менен мамлекеттик кызмат адамдардын ыйгарым укуктарын, органдардын ыйгарым укуктарын алмаштырып алып жүрөт. Ал эми мамлекеттин функциясы деген мамлекетке тиешелүү иш чараларды кандайдыр бир орган же кызмат адамы аткарышы керек. Биздин учурду ала турган болсок, парламенттин мурдагы функциялары калат. Президентке мамлекеттин айрым функциялары берилип жатат. Мисалы, жаңы Конституцияда президент аткаруу бийлигине башчылык кыла турган болуп жатат. Ошого байланыштуу аныны функциясы көбөйүүдө. Функциясы менен кошо албетте, ыйгарым укуктары да кошо көбөйөт. Бирок, бийликти бир колго топтоп жатат деп сындаганыбыз да орунсуз болуп калат. Себеби, бизде элдин көпчүлүгү президенттик башкаруу болсун деп жатышат. Демек, президенттик башкаруу болгондо президент аткара турган функциялар да көбөйөт. Президенттин ыйгарым укуктары да кеңейет.

-Баса, 1993-жылкы Конституцияга кайтып баралы дегендер да бар. Азыр ал Конституцияга кайра баруунун зарылчылыгы барбы?

-1993-жылкы конституцияга кайтып келсек эле баары орду ордуна келбейт. Тагыраагы, ал Конституцияга кайра кайтып келүү мүмкүн эмес. Анткени, андан бери бир топ өнүгүү, өсүү болду. Болгону, 1993-жылкы Конституциядан мамлекетке тиешелүү  айрым нормаларын алсак болот. Мисалы, эки палаталуу парламентти  жана бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү принциптерин алсак болот. Тагыраагы, жаңы Конституцияга 1993-жылкы Конституциянын айрым нормаларын имплементация кылып, жакындаштырып алып кошуп койсок ашыкча болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости