www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп, эт эмес же чел эмес абалда эч нерсе кыйратпаган Динара Кутманова кызматтан кеткенине 3 айга аяк басты. 

Ошентип, кар жаады, из басылды дегендей Кутманованын ишмердүүлүгү мыйзамга ылайык иликтенип, жоопкерчилиги каралбай калды. Былыктары айтылбай, кол сынса жең ичинде болуп, жабуулу аяк жабылуу бойдон дымыды. Эч ким түйшөлгөн жок. 

Айталы, Динара Кутманова министр кезинде “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” эсебинен өзүнүн кабинетине 1 миллион 500 миң сомго мебель сатып алганы боюнча чуу иликтенип, укуктук баасын албады. Кумтөрдүн акчасын оңду-солду чачкан Тенгиз Бөлтүрүктөн машина алып минип алганы дагы ошол кезде айтылып, жазылды. 

Андан бери, министрдин кабинетине кымбат баадагы эмеректерди сатып алуу, машина алуу зарылбы, же бул жаратылышты коргоо, колдоо болуп эсептелеби деген суроолор ошол бойдон жоопсуз калды. Айрымдар ошондо эле Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышкан. Жыйынтык чыкпады. 

Дегенибиз, “Жаратылышты өнүктүрүү фондун” түзүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн токтомунда “Фонддун Уюштуруучусу, кызмат адамдары, башка кызматкерлери жана башкаруу органынын мүчөлөрүнүн ортосунда пайданы бөлүүгө жол берилбейт” деп ачык жазылган.

Кутманова бул токтомду уруп ойногон эмес. Динара айым оппозицияда жүргөн кезинде жаратылышты коргоо боюнча чакырыктарды жасап кыйкырса жанына адам чыдап уга алчу эмес. Кийин мансапка жетип, министрлик кызматка олтургандан соң, жаратылышты коргоо багытында эч бир иш жасаган жок. Тескерисинче, жаратылышты колдоого жыйналган каражаттарды максатсыз пайдаланганы, анын жаратылышка жана экологияга болгон чыныгы мамилесин айкын көргөзгөн.

Өкүнүчтүүсү, бизде баскан изи мандемдүүлөргө карата жаза, иштен алуу менен чектелип, жоопкерчиликтен кутулуп кетишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости