www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын балбандары Түркиянын Хатай провинциясында өткөн «Аба күрөш» боюнча эл аралык салттуу күрөш турниринде байгелүү орундарга ээ болушту.

Мелдеш 9-августта Түрк мамлекеттер уюмунун алдындагы Түрк дүйнөсүнүн жаштар фонду тарабынан Яйладагы районунда уюштурулган.

Турнирге Түрк мамлекеттеринин спортчулары менен катар машыктыруучу Нурбек Кожобеков жетектеген Кыргызстандын 8 спортчудан турган курама командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгында:
Казыбек Чыныбеков — 70 кг чейинки салмак категориясында 1-орун;
Аскат Акматов — 65 кг чейинки салмак категориясында 3-орун ээледи.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев да катышты.

Ал Түркиянын мурдагы премьер-министри жана Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымдын чакыруусу менен Хатай провинциясына иш сапары менен барган.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
3128
11.08.2026 15:34