www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы илбирстердин учурдагы саны айтылды

Кыргызстанда илбирстердин саны 1990-жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге азайган. Мунун негизги себептеринин бири браконьерлик болгон. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Талантбек Турдуматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын маалыматына караганда, 1990-жылдары Кыргызстанда болжол менен 1 000 илбирс жашаса, учурда алардын саны 500–550гө бааланууда.

Адистер акыркы жылдары фотокапкандар аркылуу алынган маалыматтардын негизинде илбирстердин популяциясы калыбына келе баштаганын белгилешүүдө.

Турдуматовдун айтымында, 1955-жылдан бери Кыргызстанда 400гө жакын илбирс кармалып, чет өлкөлөрдөгү зоопарктарга берилген.

Учурда илбирстер өлкөнүн бир катар аймактарында кездешет. Алар эң көп Ысык-Көл облусунда катталса, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында, ошондой эле республиканын түштүгүндө да байкалган.

Последние новости