www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын спортчулары Италиянын Венеция шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынан мекенге кайтып келишти.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев тосуп алды.

Дүйнө чемпионаты 18–27-сентябрь күндөрү өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңди.

Последние новости