www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1)    Кыргыз  купюрасы 100 пайыз пахтадан турат. Пахтадан жасалган купюра целлюлозадан жасалган жөнөкөй кагазга салыштырмалуу 5 миң жолу бүктөөгө жарайт. Ал эми целлюлозадан жасалган кагаз 80 жолу бүктөлгөндөн кийин жыртылып кетет. Пахта купюрасы орточо 5 жыл кызмат өтөйт. 
2)    Тыйындардын жашоо мөөнөтү 5-8 жылды түзөт. 1, 3, 5, 10 сом номиналындагы тыйындар никель жана болоттон жасалган. 
3)    Кыргыз тыйындарын Казакстандан чыгарылып келет. Ал эми банкноталар ар кайсы өлкөдөн чыгарылат.
4)    Атайын пахтадан жасалган кагаздар Улуу Британия менен Франциядан чыгарылат. Мындай кагаздарды даярдоодо алгачкы коргоочу белги: жип, суу белгилери пайдаланылат. 
5)    Сомдор Францияда, Мальтада чыгарылат. Кагаздарга сүрөт түшүрүү процессинде банкнотаны коргоочу элементтер: голограммалар,  өң өзгөртүүчү жана иридисцентик сырлар, рельефтик басмалар колдонулат.
6)    5000 номиналындагы купюра 2010-жылы эл аралык “Жылдын банкноту” наамына ат салышкан.
7)    4-сериядагы (жаңы серия 2009-жылы 2-мартта киргизилген) банкноталарга жакшылап абай салсаңыз, өз ээсинин аты-жөнүн чагылдырган өтө майда тексттен портрет куралат.


8)    Ошондой эле банкноттордон жаныбарлардын сүрөттөрүн да байкоого болот. 


9)    Кезектеги кызыктуу коргоочу элементти көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок, аны 5000 номиналындагы банкноттун бет тарабындагы сол бурчун кармалап, байкоого болот.


10)    Эгерде көңүл бурган болсоңуз биздин банкноттор күн жебесин чагылдырып, абдан кооз көрүнүштө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости