www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы чырдан улам 3 аскер кызматкери жаракат алышты.  Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 3 аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алып, аларга өз убагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

“Учурда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу токтоду. Чыр-чатак тажик аскер кызматкерлери тарабынан чагымчыл аракеттери менен коштолуп күтүүсүздөн (такталган маалыматтар боюнча) топтук куралдан кыргыз чек арачылары жана Кыргыз жарандары тарапка ок атылды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкөнүн Баткен багыты жана Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости