www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бермей болду. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Анын 350 миллион юанына Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мына келди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык иштер үчүн 100 миллион юань сарпталат.

Мекеме Бишкектеги жолдор үч фаза менен оңдолорун, азыр биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул аптада Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Анын алдында Бишкек шаардык кеңеши учурда Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болду.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам берээри айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости