www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акыны көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, айлык акы этап-этабы менен жогорулайт. Сунуштамада айтылгандай, бул республикалык бюджетке оордук келтирбөөгө максатталган.

Бүгүнкү күндө айлык акынын минималдуу өлчөмү 1750 сомду түзөт. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2019-жылдын II-кварталында эмгекке жарамдуу жаштагы калктын минималдуу керектөөлөрү 5292,61 сомду түзгөн.

Ал эми аталган аталган долбоор колдоо таап кетсе, 2020-жылы минималдуу айлык акы 2 миң сомго жогорулашы мүмкүн. Кийин жылына 500 сомдон кошулуп олтурат. Ошентип, 2026-жылы өлкөдө минималдык айлык 5 миң сомду түзмөкчү.

Ошондон улам, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында айлыкты 25 миң сом кылам деген убадасы жакында аткарылбайт көрүнөт дейт экенсиң...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости