www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу 11-декабрда маалымат жыйынында маалым болду. Маалыматка ылайык, чыр-чатак 2016-жылы ыйгарылган эл артисти наамынын айланасында чыккан. Мындан тышкары жогорку окуу жайын аяктаган диплом жасалма болгондугу тастыкталды. Жогорудагы фактылар бейбаштык жана адамды өлтүрүүгө буйрук берүүгө чейин алып барган. Бул боюнча ИИМдин маалыматына караганда, Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматында А.Б аттуу жаранга карата 2018-жылдын жаз мезгилинде КРнын КЖкнин 350 (жасалма документтер) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат.

Нурканбек Турсунбаев аттуу жарандын 2018-жылы ноябрь айында сабалышы боюнча Ленин райондук ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан А.Б аттуу жаранга КРнын КЖКнин 234 беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, ИИМге 2018-жылы октябрь айында 1965-жылы туулган Т.Д аттуу жаран “буйрук менен өлтүрүү” боюнча арызы менен кайрылган. Күч органдарынын алгачкы текшерүүлөрүндө негизги күбө А.А суракка алынган. Ал буга чейин алдамчылык жана уурдоо боюнча кылмыш иштери козголгон. Анын айтымында, ага эки жаран кайрылып, 10 миң АКШ долларына эл артистин аялы менен өлтүрүүгө буйрук беришкен.

Алар алдын ала 1000 АКШ долларын ташташкан. Кийинчерээк буйрук аткара турган адам Нуркан Турсунаевдин жубайы менен жолугуп, өлтүрүү боюнча буйрукту айткан. 2018-жылдын октябрь айында аталган факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КРнын КЖнин 27-97 беренелери (өлтүрүүгө даярдануу) боюнча кылмыш иши козголгон. А.А атуу жаран башында тергөө менен кызматташып жатып, бирок качып кеткен. Ал 2018-жылы ноябрь айында издөөгө салынган. Азыркы учурда бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган кылмыш иштери ИИМдин жетекчилеринин көзөмөлүндө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости