www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Financial Times» гезити белгилүү филантроп Жорж Сорос Кытайдын лидери Си Цзинпинди «ачык коомдун башкы душманы» деп атаганын жазды. 88 жаштагы Сорос Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдагы элге насыя берүү системасын сындап, ар бир кишинин жеке маалыматын топтоо менен бийлик кийин өз жарандарын толук көзөмөлгө алып, эркиндигин чектей турганын эскертти.

Жорж Сорос Давосто Кытайды сындады.

Ошондой эле Жорж Сорос Си Цзинпиндин бийлиги адамдарды баш-оту менен көз каранды кылууга багытталганын белгиледи. Филантроп Сорос азыркы Дональд Трамптын бийлигине ар дайым ачык каяша айтып келет. Ал форумда АКШ өкмөтү азыр Кытай саясатынын изи менен баратканына кейиди. Анын пикиринде, Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоору аймактагы мамлекеттердин эмес, Бээжиндин гана кызыкчылыгын көздөйт. Кытай өзүнүн дымактуу инфраструктуралык пландарында каралган ири суммадагы насыя берүү саясатын адатта башка мамлекеттердин аткаминерлерин сатып алып, ошол өлкөнү карызга батыруу менен гана ишке ашырат. Ал - глобалдык саясаттагы мыкты актер. Анын берген карыздары менен гранттарын кылдаттык менен иликтебесе адамдын эркиндигине доо кетирерин эскертип, Сорос «Кытайдын ички оппозициясы Си Цзинпинди бийликтен аларына үмүт артам, болбосо ал дүйнөдөгү ачык коомдун биринчи душманы» деген пикирин айтты, деп жазат Азаттык.​

Булак: NazarNews.kg

Последние новости