www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан Ухань шаарында декабрь айынын ортосунда жаңы вирус пайда болуп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Кытай мамлекети 31-декабрь күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна аталган эпидемия башталганын эскертти.

Коронавирус менен ооругандар Кытайдан тышкары 27 мамлекетке – Япония, Таиланд, Сингапур, Түштү Корея, Гонконг, Австралия, Тайвань, Макао, Малайзия, Америка Кошмо Штаты, Германия, Вьетнам, Франция, Бириккен Араб Эмираты, Канада, Филиппин, Улуу Британия, Россия, Италия, Индия, Финляндия, Швеция, Шри-Ланка, Камбожа, Непал, Испания жана Бельгияда катталды.

Так ушул таптарды аталган вирустан 1 368 (бир миң үч жүз алтымыш сегиз) адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ооругандардын саны – 60 310го (алтымыш миң үч жүз он) жетти. Жаңы коронавирусга Novel Coronavirus Pneumonia (NCP) наамы берилди. Азыркыга чейин каза болгондордун саны 2002-жылдагы атипик пневмония (SARS) жана 2012-жылдан бери Жакынкы Чыгыш респиратордук  синдромун (MERS-CoV) артка калтырды. SARS дан 8 096 (сегиз миң токсон алты) адам ооруган, алардын 774ү каза тапкан. MERS-CoV вирусунан 2 494 (эки миң төрт жүз токсон төрт) адам ооруп, алардын – 858 жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Эске сала кетсек буга чейин Канаданын La Presse Canadienne маалымат агенттиги, бүткүл дүйнөнүн үшүн алган коронавирусту коркунучтуу жугуштуу ооруу эмес деп билдирүү таратты. Канаданын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, вирусолог Эрей Тунсберг:

“Мен коронавирус тууралуу өтө көп издендим. Менимче биз азыр талкуу кылып жаткан коронавирус өтө деле коркунучтуу эмес. Бул жерде кандайдыр бир саясый кызыкчылык жатат деп ойлоймун”, деген.

Ал эми, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Ира Лонг,  "дүйнөнүн үчтөн эки бөлүгү коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн" деп айткан. Баса, бизге жеткен маалыматтарга таянсак Кытай Эл Республикасы "1-мартта коронавирусту жеңдик" деп дүйнө жүзүнө расмий жарыя кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости