www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы келип чыгышы белгиз болгон пневмония оорусу Японияда алгачкы ирет  катталды. Бул тууралуу Япониянын Киодо агенттиги мамлекеттик булактарга таянып жазып чыккан.

Маалыматка караганда аталган оору менен ооруган кишинин улуту-кытай. Ал Канагава префектурасында жашайт жана ооруканадан үйгө чыгарылган. Анын анализдери оң натыйжа менен чыкты. Жаңы вирус менен ооруган бейтап жакынкы убакта Кытайда оору көп катталып жаткан Ухань шаарына барып, кайра Японияга кайткан.

Жакынкы күндө Би-Би-Си маалымат агенттигин маалыматы боюнча Тайланддык туристтен да аталган оору аныкталган. Турист да жакын арада Ухань шаарына баргандыгын тастыктаган.

Эске сала кетсек 2019-жылдын декабрь айында Кытай өкмөтү келип чыгышы белгисиз болгон пневмония оорусунун пайда болуп, Ухань шаарында ушул оору менен ооругандардын саны көбөйүп кеткендигин маалымдашкан эле.

Эксперттердин алдын ала айткандарына караганда ооруну козгогучтар коронавирус тибиндеги вирустар болуп саналат.

11-январга карата маалыматтар боюнча медиктер жаңы типтеги вирус менен 41 киши катталгандыгын билдиришкен.

Бул тип менен 1 киши каза болуп, жүздөгөн ооруну алып жүргөн адамдар катталды. Анын ичинде ушул вирус менен жабыркагандар менен тыгыз байланышта болгон медицина кызматкери да бар. Белгилүү болгондой бул оору менен жабыркагандар деңиз продуктылары базарына тиешеси бар адамдар болуп чыгышкан. Бирок айрым бейтаптар ал базарда болбогонун айтышканы менен ооруган кишилер менен байланышта болгондугун агенттик кабарлады.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Мария Ван Керкховенин айтымында Уханда пайда болгон жаңы вирустун тиби аба аркылуу жугат. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму өлкөлөрдү бул вируска чара көрүүгө даяр турууга чакырды.

Маалымат иретинде айта кетсек, коронавирустар-30дан ашуун вирустардан турат. Бул вирустар менен адамдар, үй жаныбарлары, чочколор, ири мүйүздүү малдар жабыркайт. Коронавирустар дем алуу органдарды жана ичеги-карын трактаталарын, нерв системасына терс таасир этет.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости