www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада Орусиянын атайын операциясынын кийинки фазасы башталууда. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров India Today телеканалына курган маегинде билдирди.

"Украинанын чыгышындагы операция мурда айтылгандай эле Донецк жана Луганск республикаларын толук бошотууга багытталган. Атайын операция уланууда, анын кийинки фазасы азыр башталып жатат. Менимче, атайын операциянын маанилүү учуру эми болот", — деген министр.

Анын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский Минск келишимдерин аткарууга умтулса жана кызматташууга барса маселе эбак эле чечилмек.

Лавров Москва Стамбулдагы жолугушуудан кийин "Украинадагы аскердик аракетинин конфигурациясын өзгөрткөнүн" кошумчалаган.

"Биз алар келишимдин негизин түзө турган нерсени сунуштады деп эсептеп, Чернигов жана Киев облустарындагы конфигурацияны өзгөрттүк. Бирок бул бааланган жок, анын ордуна Бучада чагым уюштурулду", — деди ТИМ башчысы.

Орусия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости