www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов жергиликтүү маалымат булактардын бирине саясий абал тууралуу суроолорго жооп берди.
Анда ага "Социалдык тармактын колдонуучулары Максат Мамыткановду "Чоң Казат" партиясынан чыгарганы жатышат деп жазышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо берилди.
"Бул боюнча угуп, көрүп жатабыз. "Чоң Казат" партиясынын ичинде тартип бар. Партиянын жетекчилерин жамандагандар, партиянын ички тартибин бузгандар сөзсүз түрдө өзүнүн жообун алышат. Терс маанайда тарап жаткан маалыматтын максаты эмнеде? Мени ушинтип кара сөздөргө кошулуп, реакция кылып партиянын, өзүмдүн аброюмду түшүрүп, жаңы бийликке терс жагымдан көрсөткүлөрү келип жатат. Партиянын атынан антип айткандар жок. Бул сөздү партиянын душмандары таратып жатат", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg