www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так ушул таптарда түз эфирде "Фейсбук" корпорациясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында көрсөтмө берип жатат.

Буга чейин Британиядагы "Cambridge Analytica" компаниясы ар кайсы өлкөлөргө саясий өнөктүккө колдонуу максатында "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын топтогону ачыкка чыгарып дүйнө жүзүнө ызы-чуу жараткан. Ал тургай 67 миллион колдонуучун маалыматын алганын ачыктаган.

Марк Цукербергге учурда ар тараптуу суроолор берилип, АКШ сенаты менен Эл өкүлдөр палатасы жарга такап, курч суроолорду берүүдө.

--“Фейсбук тармагын дүйнө жүзүндө эки миллирадка жакын адамдар колдонушат. Бул тармактан бир нече адамдар пайда көрүшүүдө. Бул биздин жарандарга болгон жардамыбыз”, деди Марк Цукерберг.

Андан сырткары, "Фейсбуктун" негиздөөчүсү анын компаниясы кардарлардын жеке маалыматтын коргоодо кетирген каталары үчүн кечирим сурап, күнөөсүн мойнуна алып, 250 миңден ашуун баракчалар жабылганын ачыкка чыгарды.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзүндөгү эң популярду социалдык тармакка  Facebook, WhatsApp, YouTube, Facebook Messenger, WeChat  турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости