www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Жарандык авиация Академиясынын окутуучулары, студенттери менен Союзбек Салиев жолукту. Ал жолугушуудан кийин биздин акын, котормочу агабыз Маркабай Ааматов мындай деп жазган экен. Анын пикирин биздин редакцияга Турсунай Калмурат кызы жиберген экен, биз ошону сиздерге тартуулап турубуз.

«Өзүнүн жеке менчик жалгыз моторлуу учагы менен ааламды айланып учуп, дүйнө элдерин суктандырып, кыргыз элинин эгемендигин даңазалап, туусун желбиреткен чыныгы патриот инибиз Союзбек Салиев менен Казакстандын Жарандык авиация Академиясынын окутуучулары, студенттери менен болгон жолугушуубуз өтө кызыктуу болуп, чыныгы баатырдык улуу иш жасаган мекендешибиз тууралуу мактал сөздөр, алкыш кептер биздин сыймыгыбызды ого бетер арттырды. Академия ректору, проректору бизди боордоштук сезим менен жылуу кабыл алып, Союзбектин улуу эрдиги жалпы түрк ааламында патриоттуулуктун улуу үлгүсү катары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала тургандыгын баса белгилешти жана мындан ары Союзбек ар дайым аталган жогорку окуу жайынын ардактуу коногу болуп, мекенчилдикке, улутмандыкка тарбиялай турган иш-тажрыйбаларын үйрөтүп, көрсөтүп, келип сабак өтүп туруусун чын ыкластан каалап кетишти. Бул жолугушууга катышкан казак адабиятынын корифей-классиктеринин бири Сабит Досанов менен ушул саптардын автору да Союзбектин даңазалуу ааламдык сапары тууралуу кеп салышып, элет жеринен чыккан азамат уулдун эрдиги далай муундарды мекенчилдикке тарбиялоого үлгү болуп берерин, кыргыз эли баатыр уулун аздектеп, көтөрө билүүсү абзелдигин айтышты, жана мына ушундай бир туугандыкты, достукту чыңдап, элдерди жакындата турган жолугушуулардын пайдасы тууралуу кеп салышты. Казакстандын массалык маалымат айдыңындагы кубанычтуу куш кабарларды күтө туралы. Эрдигиң жөнүндөгү даңаза кеп узун элдин учун, кыска элдин кыйырын кыдыра берсин, Союзбек иним!»,-деп жазыптыр Марк-Абай.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости