www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан мечитте ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда жарандарга “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген суроолорго кенен түшүндүрмө беришти.
Булак: NazarNews.kg