www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Медербек мырза, Америкада бир топ убакыт болуп кайтыпсыз, мекен менен өнүккөн өлкөдөн эмне айырмачылыкты байкадыңыз?
- Америка дүйнөдөгү экономикалык, финансылык, демократиялык жана саясый жагынан эң алдыңкы өнүккөн мамлекет. Албетте, социалдык жагынан дагы ар тараптуу өнүккөн өлкө. Адамзаттын өнүгүүсү дегенде, сиз балким материалдык жагынан айтып жатышыңыз мүмкүн.
Бул жагынан дагы башка өлкөлөргө караганда алда канча бийик турат, бирок башка өлкөлөр сыяктуу эле Америкада деле бай-кедейлер жана орто класстагы адамдар жок эмес. Ошондуктан Америкада баары укмуш өнүккөн деп айткан болбойт.
Мисалы, Европанын айрым өлкөлөрү Америкага караганда инсандык шарттары алда канча бийик. А бактылуулук деп сөзсүз түрдө эле бай өлкөдө жашаган коомду айтууга болбойт. Керек болсо эң кедей өлкөдө деле адам бактылуу жашайт. Анан “башка жерде султан болгуча, өз жериңе ултан бол” дегендей, мекенибизге эмне жетсин!
- Америкада өнүгүү укмуш. Жаңы технологиялар, дөөлөттөрдүн алмашуусу адамды жүрөксүз робот жанга айлантууда дегенге кошуласызбы?
- Азыркы ааламдашуу доорунда ар бир өлкө өз технологиясын ааламга таратуу укугуна ээ. Акыркы кезде биздин өлкөдө деле IT багыты өнүгүп келе жатат. Бул биз үчүн чоң прогресс деп айтууга болот. Албетте, технология жана IT жагынан Америка эч кимге алдыңкы орунду бербейт.
Көптөгөн алдыңкы чоң гигант технологиялык компаниялар Америкада жайгашкан, мисалы: Google, Facebook, Apple, Twitter, Oracle, Tesla ж.б. чоң компанияларды атап кетүүгө болот. Бул компаниялар адам сыяктуу робот жасабаса деле, кадимки биз колдонуп жаткан смартфон жана үй тиричилик буюмдарыбызга чоң революция жасап жатканы талашсыз.
Келечекте, балким, учуучу унаа же кадимки сатуучу же тейлөөчү роботтор пайда болуп калса, эч таң калуунун кереги жок. Себеби, учурдагы технология ушул тарапка түртүп баратат. Анан “адамзаты ташбоор болуп калбайбы?” дейсиз, албетте, ташбоор болуп калышы мүмкүн, бирок бул 100дөн балким 10 пайызы. Эң коркунучтуусу, өтө эле жалкоо болуп калышы мүмкүн.
Себеби баарын келечекте робот жасап калат. Бирок өнүккөн айрым өлкөлөрдө сатуучусу жок дүкөндөр же тейлөөчү роботтор пайда болуп жатканын окуп деле, көрүп деле жүрөбүз. Азырынча баары демо версияларын чыгарып жатат, келечекте чоң эволюция болушу мүмкүн.
- Биз менен салыштырып караганда, билим берүүдөгү айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр да кызык?
- Билим берүү системасын Европа же Америка өлкөлөрү менен Кыргызстанды салыштырууга болбойт. Кыргызстандын билим берүү системасы эски СССРдин билим берүү системасынын жаңы версиясындагы уландысы катары айтсак жаңылбайм.
Айта кетчү жагдай, жакында эле CEOWORLD журналы дүйнөлүк өлкөлөрдүн 2020-жылдагы билим берүүсү боюнча чыгарган рейтингде Кыргызстан 100 өлкөнүн ичинен 55-орунду ээлесе, Россия 36-орунда, алдыңкы орунду Улуу Британия жана АКШ ээлейт. Бирок Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орундарды ээлеп жатпайбы?
Бул дагы жакшы көрүнүш жана алдыга жылыш бар. Мисалы, Америкада билим алуу өтө кымбат жана университеттерге өтүү өтө эле оор. Бирок таланттуу жана колунда жок (бирок экзаменден өткөн) студенттерге финансылык жардам дээрлик 90 пайызга чейин жетет. Американын билим тармагынын өзгөчөлүгү – ар бир студентте мугалим жана сабак тандоо эркиндиги бар. Бул, биринчиден, студенттерге кызыгуу жана окууга стимул берет.
- Өлкөнүн бүгүнкү абалы да ойлондурбай койбосо керек. Революциядан бери бир жыл артта калыптыр. Кандай жаңы иштерди байкадыңыз?
- Былтыркы октябрь айында болгон саясый окуяларды ар кандай талдаганга аракет жасап жатышат. Кээ бири “революция болгон” деп айтса, калганы “мамлекеттик төңкөрүш” деп атап алышкан. Мен экөөнө тең кошулбайм.
Эгер былтыр революция жасалса, бийлик алмашуу менен өлкөнүн саясый жана коомдук системасы терең өзгөрүүлөргө алып келмек болчу. Бирок андай болгон жок. Керек болсо жыл башында өткөн конституциялык реформалар дагы өзгөрүүлөргө алып келген жок.
Ошондуктан “революция болду” дегенден алысмын. Экинчиден, “мамлекеттик төңкөрүш деп атоого болобу?” деген суроого жооп катары, былтыр октябрда орун алган окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш” деп да атай албайбыз. Себеби, мамлекетик түзүлүш да түп-тамырынан өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок.
Алсак, күч түзүмдөрү, армия, элита өңдүү башкы түзүмдөр ошол бойдон эле калды. Аларга басым болду, бирок ички маңызы сакталып калды. Формасы гана бир аз өзгөрдү. Мисалы, министрлерди улам алмаштырып жатышат, бирок логика, ой жүгүртүү, философия ошол эле бойдон калды.
Мамлекеттик түзүлүштө олуттуу структуралык өзгөрүүлөр болгон жок. Бул экөө жарым жартылай класска бөлүнүп калды. Менин оюмча, жөн гана орун алмашуу болуп, сумма өзгөргөн жок.
Булак: Ахзия News гезити