www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев бүгүн, 9-майда кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!
Кадырлуу мекендештер!
Сиздерди жалпы адамзат тарыхындагы эң улуу жана ыйык күндөрдүн бири — Улуу Жеңиш күнү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
9-Май — бул каармандыктын, мекенчилдиктин, кайратмандыктын жана элдин биримдигинин символу. Бул күн адамзат тарыхындагы эң оор сыноолордун бири болгон алаамат согушта өмүрүн аябастан күрөшкөн ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин эскерткен ыйык дата болуп саналат.
Кандуу майдандарда Мекен үчүн жанын берген баатырлардын жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Алардын кайратмандыгынын, майтарылбас эркинин жана Ата Мекенге болгон чексиз сүйүүсүнүн аркасында бүгүн биз тынчтыкта, эркиндикте жана көз карандысыз мамлекетте жашап жатабыз.
Кыргыз эли Улуу Жеңишке татыктуу салым кошкон. Согуш жылдарында 360 миңден ашуун мекендешибиз фронтко аттанып, алардын жүз миңден ашыгы кан майдандан кайтпай калды. Миңдеген кыргызстандыктар оорукта күнү-түнү талыкпай эмгектенип, Жеңишти жакындатууга зор салымын кошушкан.
Согуш жылдарында сот тутумунун өкүлдөрү дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин татыктуу аткарышып, Берлинге чейин жетип, эрдик көрсөтүшкөн. Биз Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун мүчөлөрү С.И. Искабуловду, С.Ч. Чокоевду, Н.П. Воронцовду, А.М. Бобыревду, Н.П. Анисимовду, Д. Пирсучовду, А. Койчукуловду, Игнатовду, А.Т. Галкинди жана башка көптөгөн сот тармагынын өкүлдөрүн терең урматтоо жана сыймыктануу менен эскеребиз. Алар мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү гана эмес, бүткүл адамзаттын эркиндигин жана келечегин коргоп беришкен.
Ардактуу ардагерлер!
Сиздердин эрдигиңиздер, өрнөктүү өмүрүңүздөр жана Мекенге болгон чексиз берилгендигиңиздер бүгүнкү жана келечек муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп кала берет. Биз сиздердин алдыңыздарда терең таазим этип, көрсөткөн каармандыгыңыздар үчүн чексиз ыраазычылык билдиребиз.
Бул улуу күнү ар бир үйгө тынчтык, ынтымак жана береке каалайм. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат турмуш тилейм.
Кыргызстандын асманы ар дайым ачык болуп, элибизде тынчтык жана биримдик өкүм сүрсүн!
Улуу Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!
Жеңиштин даңкы түбөлүк жашасын!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун Төрагасы
Медербек Сатыев