www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медицина кызматкерлери милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек деген буйрук чыгарды.
Тиешелүү буйруктун сүрөтүн медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул буйругу менен адам укугун бузуп жатат.
«Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл тарапта эмес, калктын саламаттыгын коргобойт, бейтап жана медицина кызматкерлеринин укугун коргобойт. Өзүнүн түркөй буйруктары менен калктын саламаттыгына коркунуч жаратууда», - деп жазган Барыктабасова.
Булак: NazarNews.kg