www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл Голливуд жылдызы Том Круз менен жашыруун жолугушуп, жумуш табууга жардам сурады. Бул тууралуу «Экспресс-газета» англиялык The Globe басылмасына таянып, жазып чыкты.

Натыйжада белгилүү актер герцогиняны колдоого алды.

Белгилей кетсек, Буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну, финансы жактан көз карадысыз болууну жана Канада менен Улуу Британияда жашай тургандыгын кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.

18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Маркл Улуу Британиянын ханзаадасына турмушка чыга электе актриса болчу. Ал Том Круз менен жашыруун жолугушуу учурунда рол алууда жардам көрсөтүүнү суранган.

Маалымат боюнча, Круз Марклды убактылуу колдоого алган. Атап айтканда, америкалык басылмалардын терс маалыматтарына бөгөт коюу чараларды көрүүнү колго алды.

Учурда Маркл Disney компаниясы менен кино жана мультфилимдердин каармандарынын үнүн коштоого контракт түзгөнү маалым. Ошондой эле, герцогиня тапкан каражатын кайрымдуулукка жумшай турганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости