www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Балбак Түлөбаев казак элчиси менен жолукту

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Бишкек шаарындагы коомдук-саясий абалды талкуулашкан. Ошондой эле Түлөбаев шаар бийлигинин пандемия учурунда аткарган иштерин айтып берген. 

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу бир тууган-шаарлар, өнөктөш-шаарлар ортосунда, анын ичинде айрыкча Нур-Султан жана Алмата шаары менен алаканы дагы жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости