www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 17-апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Уюмдун 35 жылдыгынын алкагында өткөн жыйынына катышты.
Отурумдун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын ортосунда кеңири жана конструктивдүү диалог уюшулуп, анын алкагында тараптар эл аралык күн тартибинин жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерине өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуулоо кеңири чөйрөдөгү темалар тууралуу позицияларды салыштырууга, учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашууга жана баа берүүгө, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты, Шериктештиктин алкагында үзгүлтүксүз диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты.
Мындан тышкары КМШнын ТИМК кезектеги жыйынын 2026-жылдын октябрь айында Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөрүү чечими кабыл алынды.