www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккан митингден кийин жабыркаган 22 адам, медициналык жардам сурап ооруканаларга кайрылган. Мунун ичинен 19у күч кызматкерлери болсо, үчөө жөнөкөй жарандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты. 

Маалыматка караганда, жабыркагандардын 21и биринчи жардамды алгандан кийин үйдө дарыланууга чыгарылган. Алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми мээси чайкалып, моюн омурткасынан жараат алган бир милиция кызматкери Улуттук госпиталдын нейротравмалык бөлүмүнө жаткырылган.

Белгилей кетсек, 2-март күнү  Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости