www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Москва шаарында кичи-футбол боюнча 10-парламенттер аралык мелдеш өтүп, кыргыз депутаттары экинчи орунга ээ болушкан.

Анысы го, жакшы, спикерге кошулуп биз дагы куттуктайбыз! Бирок ошол эле оюндар мезгилинде көрүүчүлөр олтурчу жайларда олтурган кыргыз депутаттары өздөрү тарттырып түшкөн сүрөтү коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Анда Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Алмазбек Баатырбеков адамдар олтурчу олтургучка бутун коюп, баш бармагын көрсөтүп турган сүрөтүн көрүүгө болот. Бул тууралуу “Nazarnews”ка “Баатырбеков Москвага кыргыз “элитасынын” жогорку “үлгүсүн” көрсөтүп келди!” деп жарыяланып, андан ары соцтармактарга да тараган. Жогоруда айтылгандай, жогорку бийликтин өкүлү саналган депутат сынга кабылган. Анда эмне үчүн бул тууралуу аларды куттуктаган төрага унчукпайт? Же элге үлгү болчу депутаттарга баары боло береби?

Эми бул тууралуу анын өзүнүн пикирин билели деп ага телефон “ызвандаган” Vesti.kg маалымат агенттигинин кабарчыларына Баатырбеков “комментарийсиз” деп, андан ары “тилден калып”, телефонун өчүрүп салганын жазышты.

Демейде шакылдап сүйлөчү эле го?..

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости