www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада быйыл 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата парадга адаттагыдай аскердик техника катышпайт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги 28-апрелде өзүнүн Telegram каналына жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Суворов жана Нахимов аскердик окуу жайларынын студенттери, ошондой эле кадет корпусунун студенттери да Кызыл аянтта жүрүшкө чыкпайт.

Муну министрлик "азыркы кырдаалга" байланыштуу деп түшүндүрүп, бирок парадда авиациялык көрсөтүүлөр болору убадаланды. 

Апрелдин башында быйыл 9-майда Москвада парад өткөрүлбөшү мүмкүн деген маалымат тараган. Өлкө президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков парад болоорун айтып, анын форматы боюнча кийин кошумча маалымат берилерин кошумчалаган.

Буга чейин 2007-жылы да Москвада дал ушундай — техника коштобогон аскердик парад өткөн.

Последние новости