www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунай заттарды сыртка ташып чыгууга тыюу салынабы?

Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.

Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.

Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.

2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости