www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Документке ылайык, Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүп берилген.

"Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин", — деп айтылат маалыматта.

Жарлыкта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинен жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү да штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен ИИМге каратуу жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости