www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө жарандарды мамлекеттик мекемеге жалган (фиктивдүү) түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды. 

Тактап айтканда, 2024-жылдын башында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. Куланак айылындагы «Тангабийке-Бердике» балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок, аталган жарандар жумушка кабыл алынган учурдан тартып өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткарган эмес, мезгил-мезгили менен Куланак айылынын чегинен узак убакытка чыгып кетип турушкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө О.А.О. жана Т.у.А. чындыгында жумушка чыкпаганы, ошол эле учурда жумуш убактысын эсепке алуу табели жасалма толтурулуп, айлык акыларды өз убагында алып турушканы аныкталды. Балдар бакчасынын директору Т.Т.Э. күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген 750 000 сом өлчөмүндөгү зыянды толугу менен төлөп берди.

Последние новости